Өкмөт башчы Тайырбек Сарпашевдин убактылуу кызматтан бошотуу арызын канааттандырды

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин жазган арызынын негизинде убактылуу кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруу Күмүшбек Шамкановго жүктөлдү.

Буга чейин Башкы прокуратурага Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу боюнча сунуш берген. Буга Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетиши себеп болгон. Бирок Сарпашев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келүүдө. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы бир айдын аралыгында чыгат. Ал эми бүгүн эртең менен Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматтан кетип туруу боюнча өкмөт башчыга арыз жазганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kamchatka
2017-02-13 16:57:57
Сарпашев бирого жакпай калган окшойтго !
+1
Shapak1979
2017-02-13 17:43:14
Кыргыз элинин душманы. Такыр бийлике жолотпош керек.
+4
tynkatar03
2017-02-14 01:05:53
Оздорунун эле сценарийи. Кийинчерээк дагы бир майлуу жерге тыгат да. Убактылуусу жок эле вообще жолотпош керек.
+2
Kroxa
2017-02-14 09:57:20
Бут бошотсо ошол жерден 120сын тен....пайда батасы жок отуруп ойду тоону суйлошот бирин камап,бири акталып бири сурак берип эле атышат,,бирин олуп бирин кал..эч пайда жок элге..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан