Жантөрө Сатыбалдиев: "Бишкекте салык чогултуунун көлөмү азайды"

"Бишкек боюнча чогулган салыктардын көлөмү азайды". Бул маалыматты бүгүн, 30-апрелде өкмөттүк жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Анын айтымында, салыктын чогулушу Ош шаары боюнча да төмөндөгөн. “Башка шаарлардын жетекчилери дагы план аткарылгандыгы тууралуу отчёт беришкен. Бирок биз койгон көрсөткүчкө жеткен жок”,- деп кошумчалады өкмөт башчы. Ошондой эле Сатыбалдиев өткөн жылга салыштырмалуу чыгымдардын көлөмү 3,5 миллиард сомго көбөйгөнүн билдирди. "Себеби айлык акы жогорулаган",- деди Сатыбалдиев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан