Өкмөттүн жыйынында өлкөдөгү оң рулдуу унаалар тууралуу маселе каралууда
Бүгүн, 30-апрелде өкмөттүн жыйынында оң рулдуу
унаалар тууралуу маселе каралууда. Анда Ички иштер министри Абдулда Суранчиев
жол кырсыктарынын көбү оң рулдуу унаалардын катышуусу менен болгондугун айтты.
Өз кезегинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мындай унааларды колдонуу
кайсы убакка чейин боло бере тургандыгын так аныктап алуу керектигин айтты. “Бул
унааларды жеке колдонууга эле калтыруу керекпи, анализ кылуу керек. Себеби жол
кырсыктарынын 80 пайызында оң рулдуу унаалар катышкан”,- деди өкмөт башчы.