Анкаранын Кызыл-Ай аймагында кыргыз кызы киши колдуу болуп каза тапты деген маалымат текшерилип жатат. Азырынча сүрөтү жарыяланган маркумдун өздүгү тактала элек. Муну Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 14-февралда билдирди.
Кечээ, 13-февралда интернеттеги социалдык тармакка курман болгон кыздын сүрөтү жарыяланган. Ал кыргыз кызы экени, Түркиядагы ресторандардын биринде мууздалып өлтүрүлгөнү жазылган.