28-апрелде Түркмөнстандагы ат чабыш майрамы учурунда аталган өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү ат чаап, анда күлүгү 1-орунду ээлеген. Бирок күлүк марага жеткенде капыстан мүдүрүлүп кетип, өлкө башчы жерге кулап түшкөн. Бул окуяны чагылдырган видео интернет ааламына жайылды жана ал видеодон “Тез жардам” кызматы келгенге чейин өлкө башчысы кыймылдабаган калыбында жатканын көрүүгө болот. Бирок көп өтпөй, тактап айтканда, бир сааттан кийин Бердымухамедов стадиондогу эл алдына чыгып, абалы жакшы экенин билдирген.