Өлкөдө эми Европанын автоунаалары лабораториядан өткөрүлүп, анан катталат

Кыргыз жерине ЕАЭБге мүчө эмес өлкөлөрдөн алынып келинген автоунаалардын коопсуздугун күбөлөндүрүүчү лабораториялардын 80 пайызы даяр. Бул тууралуу 14-февралда маалымат жыйынында Экономика министрлигинин Техникалык регламент жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Султан Ахматов билдирди.

Кыргыз Республикасына Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн алынып келинген автоунааларды каттоодо кошумча эреже киргизилген. Жаңы эрежеге ылайык, эми Европа өлкөлөрүнөн алынып келинген автоунаалар ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары (диагностикалык борборлор) тарабынан берилген документтин негизинде гана каттоодон өткөрүлүп, номур берилет. Өлкөдө азырынча аталган лаборатория жок. Өкмөт аны 1 айдын ичинде ачууну убадалап жатат. Ага чейин унаалар убактылуу каттоодон өткөрүлүп, убактылуу мамлекеттик номурлар берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Rifle_I
2017-02-14 16:21:32
Жашоо керемет. Колубуздан келген ишти аткарсак, бир айга убада берип уят болбой.
0
kamchatka
2017-02-14 16:26:37
Ии чымчымдар иии жон эле койбойсунарбы арам акча табыштын дагы бир жолуго бунунар!
+4
_KipchaK_
2017-02-14 16:56:09
Асмандан издегени жерден табылып Кудай берет экен да эми буларга.
+1
Anarka777
2017-02-14 17:11:27
Орусиядан алып келген унааларга растоможка болбой калды го
0
Anarka777
2017-02-14 17:14:01
Ал жагын дагы ойлош керек туугандар
0
KANAT85
2017-02-14 17:43:26
Орустар жеп жутарлардын мээсин айлантканго... Европалыктар миң жолу сынап анан сатыкка чыгарса керек.Баягы эле карапайым эл кыйналбаса эми заң баскан жигулини ондойберип.
0
ruslanz
2017-02-14 17:58:17
Бул там.союз орустарга эле пайдалуу экен.Машиналарын эмне кылаарын билбей жатышты эле сонун болду.Орустардын маш-лы эптеп эле. Жогорудагы шарт бул япон, немис маш-н албагыла орустардыкын алгыла денен эле соз.
0
aidaraidai11
2017-02-14 20:18:10
Такыр орустардын машинасын албай койуу керек экен 1жыл
0
Zvezda88
2017-02-14 22:48:40
Машинага лабараторияны кое туруп биринчи адамдарга лабараторияларды кыйратсак окшошмок негизи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан