"Урматтуу мекендештер!
Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди эмгекчилердин майрамы – 1-Май майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Бул майрам бардык эмгекчилердин тилектештик күнү. Эмгек майрамы адамзат үчүн эң баалуу болгон эмгекчилдик жана теңдик сыяктуу түшүнүктөрдү өзүнө камтып турат. Адамзаттын эмгегисиз бир дагы коомчулукта өнүгүү-өсүү болбой тургандыгы айкын.
Ар бир адамдын өмүрүндө эмгек ыйык жана өзгөчө мааниге ээ баалуулук болуп саналат. Эмгек аркылуу гана алдыга койгон ой-максаттарыбызга жете алабыз. Адам өмүрү ак ниет, максаттуу эмгек аркылуу гана толук кандуу жашоого айлана алат. Өкмөт тарабынан адам эмгегинин маанисин жана баркын мындан ары да жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрүү планы иштелип чыккан. Биздин өлкөдө жарандарыбызга бардык тармактарда жемиштүү эмгектенүү аркылуу өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө өз салымын кошууга шарт түзүлгөн.
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жаз жана эмгек майрамыңыздар менен кызуу куттуктап, эмгектеги жаңы, чоң ийгиликтерди жана чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалаймын!"