Бишкекте 16-24-апрель күндөрү жыл сайын өтүүчү мугалимдердин кесиптик чеберчилиги боюнча “Жүрөгүмдү балдарга арнаймын” аттуу шаардык кароо-сынактын биринчи этабы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде мэрянын басма сөз кызматы билдирди. Уюштуруучулардын айтымында, кароо-сынактын максаты - жигердүү иштеген мугалимдерди аныктоо, алардын чыгармачылык дареметин өстүрүү, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана мугалимдик кесиптин аброюн жогорулатуу болуп эсептелет. 2 тур менен өткөн кароо-сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча, 18 катышуучунун ичинен төмөнкү мугалимдер жеңүүчү деп табылды:
“Мыкты мугалим” наамын 1-орунга №12-гимназиянын орус тили жана адабияты мугалими И.Юрипина,
“Мыкты жаш мугалим” наамын 1-орунга №1-Бишкек шаардык жатак мектебинин математика мугалими
А.Рябченко, “Мыкты класс жетекчи” наамын 1-орунга №38-гимназиянын
мугалими З.Макарина,
“Жылдын мыкты тарбиячысы” наамында 1-орунга №123-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы О.Евсюкова татыктуу болушту.