Бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунованын жетекчилиги астында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, Социалдык тамактандыруу департаментинин кызматкерлеринин жана азык-түлүк менен жабдуучулардын катышуусунда кеңейтилген жыйын өттү.
Жыйында сапаттуу азык-түлүктөр менен камсыздоо жана балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын жакшыртуу маселелери талкууга алынды. Ошондой эле азык-түлүк менен камсыздоо боюнча мобилдик топтордун аткарган иштери, балдардын тамактануусун уюштуруу маселелери боюнча маалымат угулду.
Мындан сырткары мэриянын буйругуна ылайык социалдык тармакта тамактанууну жакшыртуу жолдорун изилдөө боюнча жумушчу комиссия түзүлдү. Эми жумушчу комиссиянын, билим берүү мекемелеринин жетекчилигинин сунуштары иликтөөгө алынып турмакчы жана бул багытта тиешелүү түзүмдөрдүн иштерин жакшыртуу боюнча чаралар жүргүзүлөт.