Чаткал районунда калың кардан улам 13 мектеп, 8 бала бакча жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Равшан Мамырбеков билдирди.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын катаал шартынан улам 13 мектеп, 8 бала бакча билим берүү ишин убактылуу токтоткон.
"Кар калың жаагандыктан окуучулар үчүн мектепке баруу кыйын боло баштады. Учурда 2 метрге чейин кар бар. Чатырлардагы кар кооптуу болууда. Бүгүн мугалимдер чатырдагы карларды түшүрүшөт. Мындан улам райондук администрациянын буйругу менен Чаткал, Каныш-Кыя айыл аймактарындагы мектептер убактылуу жабылды. Жол ачылып, чатырдагы карлар түшүрүлүп бүтсө кайрадан окуу уланышы мүмкүн", - деп билдирди Мамырбеков.