Алмазбек Атамбаев Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунду кабыл алды

Бүгүн, 30-апрелде Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын Коомдук коопсуздук министри Го Шэнкунду кабыл алды. Мамлекет башчы жолугушуу учурунда Кыргызстан Кытай менен болгон достук мамилени баалаарын белгилеп, “биз Кытай Кыргызстанга кызыкдар экенин билебиз. Кытай бул - бийликтин ишин улантууну көзөмөлдөгөн өлкө, биз достук мамилебиз бекемделип жана сакталып кала берет деген ишеничтебиз”,- деди.  

Ошондой эле өлкө башчысы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жакында эле өткөн жолугушуусу ийгиликтүү болгонун маалымдады. Өз кезегинде  Го Шэнкунь кыргыздардын меймандостугу үчүн жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жолугушуусун жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралар достук жана кайрымдуулук багытында болгондугун белгиледи. “Жогорку деңгээлдеги мамлекеттик башкарууга ээ экениңиздерге таңдандык”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан