Асылбек Жээнбеков Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды. Жолугушуу башында Жээнбеков элчини бул кызмат ордуна келиши менен куттуктап, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө багытталган ишинде ийгиликтерди каалады. Төрага эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана башка тармактардагы кызматташууну жандандыруу зарылдыгын билдирди.

 

Өз кезегинде элчи Г.Оруджев А.Жээнбековду Кыргызстан менен Азербайжан парламенттери ортосундагы кызматташууну жандандырууга бар аракетин жумшаарына ишендирди. Ошондой эле биргелешкен иш-чаралар, анын ичинде “Кыргызстан-Азербайжан” бизнес-форуму жөнүндө маалымат берди. Эки элдин ортосундагы достукту өнүктүрүү тууралуу сөз кылган дипмиссия жетекчиси Кыргызстанда этностордун, анын ичинде Азербайжандын салт-санааларынын, өзгөчөлүктөрүнүн сакталышына бардык шарттар түзүлгөндүгү тууралуу пикирин билдирди. Маданий байланыштарды бекемдөө максатында тиешелүү министрликтер менен Маданият күндөрүн өткөрүү маселелери талкууланып жаткандыгы да белгиленди жолугушууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан