1-майда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Башка аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +5...+10°C
Талас облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +4...+9°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +14...+19°C, түнкүсүн +5...+10°C
Баткен облусунда күндүз +14...+19°C, түнкүсүн +5...+10°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +3...+8°C
Нарын облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +3...+8°C
Бишкек шаарында күндүз +23...+25°C, түнкүсүн +8...+10°C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.