2013-жылдын 8-октябрында жаңы 100 долларлык купюра колдонууга берилет. Бул тууралуу АКШнын Федералдык резервдик систем (ФРС) мекемесинин басма сөз кызматы жарыялады. Маалым болгондой, жаңы банкноттун түп нускасы экендигин текшерүү мурункусунан оңой болуп, ал эми аны жасалма жол аркылуу жасоо татаалдаштырылды. Эскерте кетсек, 100 долларлык банкноттун жаңы дизайны 2010-жылдын апрель айында коомчулукка тааныштырылган. Купюра өзүнүн мурдагы салттык сырткы көрүнүшүн сактап, ошону менен бирге кошумча коргоочу элементтерди өзүнө камтыйт. Маалымат үчүн: АКШнын 100 долларлык купюрасынын дизайны мындан 17 жыл мурун акыркы жолу өзгөртүлгөн.