Казакстан бензиндин баасын жогорулатса Кыргызстан сатып алуудан баш тартат

"Казакстан АИ-80 бензининин баасын жогорулатса, Кыргызстан сатып алуудан баш тартат". Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер  ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев 30-апрелде билдирди. “Учурда аталган өлкөдө бензинди экспорттоого тыюу салынган бойдон турат. Биз шарттарына, баасына, сапатына карайбыз. Эгер күйүүчү майдын баасын жогорулатса, анда күйүүчү майды Орусиядан сатып алууну улантабыз”,- деди Акенеев.  

Айтымында, Кыргызстандын нефтетрейдерлери биринчи кезекте күйүүчү майды коңшу өлкөлөрдөн алып келүү пайдалуу болобу же жокпу, ушуга көңүл бурушат. Ал эми Казакстан тарап бул маселенин чечиши мүмкүн экендигин билдиришкен. “Бензинди экспорттоого болот деп ойлойбуз, экспорттоого тыюу салынган маселени жакын арада карайбыз”,- деди аталган өлкөнүн Мунай жана газ министри Сауат Мыңбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан