Москвадагы фитнес-клубда кыргыз кызынын зордукталганы боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберилди

Кыргыз кызынын Москвадагы фитнес-клубда зордукталышы боюнча, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кызматкери Орусиянын Тергөө башкармалыгына барды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Тергөөчү менен жолукканда бул факт тастыкталды. Жабыр тарткан кыз менен кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Шектүү кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирди элчилик.

Элчилик тарабынан Орусиянын Тышкы иштер министрлигине бул иш боюнча объективдүү жана кылдат иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен нота жиберилди.

Ошондой эле бул маселе элчиликтин карамагында болорун кошумчалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Atambek
2017-02-20 09:00:08
Фитнесте сага не бар эх эх кыргызым жөн эле иштеп жүрбөйт белең
-9
aslan77777
2017-02-20 09:06:07
Atambek,не бар дейсингоо фитнесте ,жон эле иштеп жургондур ошол фитнестин ичинде уборка кылып
+8
Izdeim_seni.
2017-02-20 10:10:40
Atambek,сын такпа. Азыр таш доор эмес. Эмне фитнеске барса эле зордукташ керекпи .коп эле эжелерди,кыздардыбилем фитнес залын жууп иштеген

+7
AKCAHAT
2017-02-20 21:22:21
Atambek, кыргыз мне малбы же кулбу же эн томонку сорттогу адамбы? кечкээле башын которбой иш кылып журо бергидей.
+2
Beksultan-007
2017-02-20 10:37:15
Ыйлагым келет ушундай кабарларды окуп. Эх кыргызым кандай Гана кундорду баштан откоруп жатабыз. Качан биздин бактыбызга ак ниеттуу башчы келет.
+5
ainur78007
2017-02-20 11:36:46
Аллахым,ботон жерде жургон бир туугандарыбызды балээ кырсыктардан сакта.Кор тирилик деп ошол фитнес клубду жууп жургонда
+3
bema_bema
2017-02-20 19:32:41
Москвада коп кыздар ночто фитнесте уборкада иштешет.Билип билбей кыздарды куноологон болбойт,алар да жокчулуктун айынан тентип акча деп журушот.
+2
Ali-91
2017-02-21 12:20:46
Чыныгы мусулман эркек энесин,эжесин,карындашын,аялын,кызын Түркияга,Москвага эмес,жада калса Меккеге да жалгыз жөнөтпөйт.Ар дайым АЛЛАХТЫН ак жолунда жүрүп,намыска бек туралы Кыргыз жигиттери!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан