29-апрелде АКШнын Огайо штатындагы мектептердин бириндеги бир окуучу классташтарынын көзүнчө өзүн-өзү тапанча менен башка атып алган. Аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялагандай, окуя
Цинциннати
шаарында, мектепте биринчи сабак өтүлүп жаткан учурда болгон. Окуучу Грега Тэнкерсли өзүнүн башына тапанча такап атып алса да тирүү калган, учурда ооруканада. Окуяга эмне түрткү болгондугу тууралуу маалымат айтыла элек азырынча.