Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы "Жал Артис" турак жай комплексиндеги жаңжал боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Интернетке тараган видеодо белгисиз адамдын чет элдик жарандын эшигин тепкилеп жана күзөт кызматкерлери менен мушташып жатканын көрүүгө болот. Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган К.Н. жана 1981-жылы туулган Б.К. кармалып, К.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Окуянын күбөсү Курманбек Бактыбаев SUPER.KG порталына кайрылып, буларга токтолду:
"Айрым маалымат каражаттары бир тараптуу маалымат берип жатышат. Күзөт кызматкерин адамдардын тобу сабап салды деген жалган. Тескерисинче, эшикти тепкилеп жаткан адамды 5 күзөт кызматкери сабашты. Ал эми жаңжалдын келип чыгышына жарыктын өчүшү себеп болгон. 17-кабатта эшик тепкилеген жаран менен "Жал Артис" турак жай комплексинин директору коңшу жашайт. Директор "сыналгыңдын үнү катуу чыгып жатат" деп коңшусунун жарыгын өчүрүп салган. Анда жарыкты өчүрүп салуу мүмкүнчүлүгү бар экен. Дубалдардын ортосундагы аралык 10 эле сантиметр болгондуктан коңшуңдун катуу сүйлөгөнүн угуп турасың".