Бишкектеги "Жал Артис" турак жай комплексинде чет элдик жаранды коркутуп, күзөт кызматкерин сабагандарга карата "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин негизинде, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган К.Н. жана 1981-жылы туулган Б.К. кармалган. Азыркы тапта "А" аттуу жарандын өздүгү такталууда. Ал эми К.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Айта кетсек, окуя 19-февраль күнү "Жал Артис" турак жай комплексиндеги үйлөрдүн биринин 17-кабатында болгон. Анда белгисиз адамдар чет элдик жаран жашаган батирдин эшигин тепкилеп, коркутуп ачтырууга аракет кылышкан. Кийин комплекстин күзөт кызматкери келген учурда аны да сабап салышкан.