Бүгүн, 21-февралда тышкы иштер министринин орун басары Д.Кемелова Казакстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси А.Бозжигитов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кемелова 2010-жылдагы окуяга токтолуп, медициналык жардам алуу үчүн чек арадан өтө албагандар дарыя аркылуу өтүп жатып бир бала агып кеткенин айтты.
Мындан сырткары бир жарым ай аралыгында дары-дармектер жок болгондуктан катуу ооруган бейтаптар каза болгон фактылар бар экенин эске салды. "Келечекте конструктивдүү иш алып баруу үчүн кайым айтышуудан алыс болгон туура. Мамлекет башчыларыбыз койгон маселелерди чечүүгө, кызматташууга көңүл бурушубуз керек", - деди Кемелова. Ошондой эле 12 көзөмөл өткөрүү бекеттеринин төртөөсү жабык турганын кошумчалады.
А.Атамбаев өткөн жуманын аягында "Euronews" телеканалына маек берип жатып Казакстан 2010-жылы чек арасын жапканда каза болгон жарандар тууралуу айткан. Кийин Казакстандын тышкы иштер министрлиги "Биз Кыргыз президентинин билдирүүсүнө көңүл бурдук. Учурда кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүүдөбүз", - деп маалымат тараткан.