Казакстандын чек арасындагы атышууга Кыргыз жарандарынын тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта SUPER.KG порталына мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева билдирди.
Анын айтымында, окуя коңшу өлкөнүн аймагында болгон. Ал жер Кыргыздын чек арасынан алыс жайгашканын жана мыйзам бузгандар Кыргыз жарандары эмес экенин кошумчалады.
Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жарандарга ок атылды деп бүгүн, 13-августта казак чек ара кызматына шилтеме берип, РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыккан. Окуя кечээ, 12-августта болгону, анда кыргыз-казак чек арасынан 15ке жакын адам мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы айтылат.