Жалал-Абад. Колго жасалган буюмдардын көргөзмөсү болду

30-апрелде Жалал-Абад шаарында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен облус аймактарынан келген уз-чеберлер, темир жана жыгач усталар, багбандардын колунан даярдалган буюмдардын жана азык-түлүктөрдүн жарманкеси болду. Жарманкенин максаты - өнөр ээлеринин эмгегин элге даңазалоо жана 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата элге майрамдык маанай тартуулоо болду. Иш-чаранын алкагында шаар тургундары керектүү азык-түлүк, буюмдарын базардагыдан арзан баада сатып алышты. Ошондой эле комуз баш болгон кыргыздын улуттук музыкалык аспаптары да сатылды жарманкеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан