Нарын шаарында 1-Май майрамы белгиленди

Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата Нарын шаарынын борбордук аянтында майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чараны шаар мэри Баатырбек Жээналиев ачып, "быйылкы өткөрүлүп жаткан 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүн майрамдоо президент жарыялаган “2013-жыл - Иштерман  жылына”  туура  келүүдө. Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм”,- деди.  

 

Андан соң өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова, Кесип бирликтеринин Нарын облустук кеңешинин төрагасы А.Молдалиев, Нарын облустук жеке ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Р.Адиев куттуктоо сөздөрүн айтышты. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүн концерттик программа коштоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан