Жалал-Абад. 1-Май - Эмгек күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурулду

Бүгүн, Жалал-Абад шаарындагы Б.Алыкулов атындагы драма театрдын алдында 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүнө карата майрамдык салтанат болуп өттү. Шаардык мэрия тарабынан уюштурулган бул иш-чарага бир катар жергиликтүү бийликтин жетекчилери, мектеп окуучулары жана шаар тургундары катышты. Анда спорттун каратэ, бокс түрлөрү боюнча атайын машыгуулар көрсөтүлүп, ордо, аркан тартыш, тогуз коргоол, шахмат боюнча мелдештер орун алды. Ошондой эле майрамдык иш-чарага Т.Тыныбеков атындагы филармониянын бир катар ырчылары көрк кошту. Мындан сырткары бүгүн Токтогул сейил багындагы аттракциондор ишке кирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан