Биз социалдык тармакта

Түп районунда балык кармаганы кетип дайынсыз жоголгон эки адамды издөө иштери уланууда

Түп районунда балык кармаганы кетип дайынсыз жоголгон эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-февралда издөө иштерине 3 куткаруучу, 7 суучул, жергиликтүү тургундар, РИИБинин 1 кызматкери, 2 кайык тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн 24-февраль күнү да улантылат.

Айта кетсек, 30-январь күнү Күрмөнтү айылынын 1990-жылы туулган жана 1982-жылы туулган эки тургуну Кутургу айылы менен Фрунзе айылынын ортосундагы көлгө балык кармаганы барып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан