Алмамбет Шыкмаматов УКМКда сурак берүүдө

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук комитетине суракка кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган партиянын катчылыгынан билдиришти.

Айта кетсек, 17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Материалдарга караганда, 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин бири А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.

Шыкмаматов бул кылмыш иши тууралуу: "Бул нерсенин мотиви кылмыштуулук менен күрөшүү эмес, саясий оппоненттердин оозун басуу. Мында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызыкдар болду", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан