Шыкмаматов өзүнө козголгон кылмыш ишинин мотиви "саясий оппоненттердин оозун басуу" дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов жубайынын унаасы Эсептөө палатасына жогорулатылган баа менен сатылышы тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болчумун. Анда Эсептөө палатасы парламенттин макулдугу менен чечим кабыл алган. Палатанын аудиторлоруна кызматтык унаа сатып алуу жөнүндө тендер жарыяланган. Тендерде уткан компаниянын аталышы эсимде жок. Ошол компания Эсептөө палатасына 4 унааны саткан.

Бирок 4 унаанын ичинен бирөөсү мурун менин жубайыма таандык болчу. Аны бир компания алып Эсептөө палатасына саткан. Мунун кайсы жеринде мыйзам бузуу бар? Экинчиден ошол 4 унаа бүгүнкү күнгө чейин Эсептөө палатасында кызмат кылып жатат. Төрт унаанын эң мыктысы жубайыма таандык унаа, анткени ал Германиядан жаңы келген.

Калган машина Кыргыз мамлекетинде 2-3 жылдан бери жүргөн, талкаланган, эскилиги жеткен унаалар. Андан бери алар канча жолу оңдолду. Унаанын абалы өзүнүн баасына жараша болот. Бул жерде мамлекетке кайсы жеринен зыян болуп жатат? Машина кызматын кылып жатса, ошол унаалардын эң мыктысы болсо бул жерде саясат экени көрүнүп жатат", - дейт Шыкмаматов.

"Бул нерсенин мотиви кылмыштуулук менен күрөшүү эмес, саясий оппоненттердин оозун басуу. Мында УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев кызыкдар болду", - дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, бүгүн Башкы прокуратура эл өкүлүнө "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Анда Эсептөө палатасына унааларды тендер аркылуу сатып алынышы тууралуу жасалма документтер жөнүндө айтылат. Башкы көзөмөлдөөчү органдын маалыматына караганда тендердик комиссиянын мүчөсү болуп туруп А.Шыкмаматов "Барат Люкс" ишканасы аркылуу жубайы Ж.Турдакунованын "Мерседес-Бенц" Е 320 үлгүсүндөгү унаасын 14 637 долларга саткан. Эксперттер 2011-жылы ушул үлгүдөгү унаанын баасы 10 миң долларга барабар деп билдиришкен.

Шыкмаматов ага козголгон кылмыш иши боюнча айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан