2012-жылы 4 миңдей жаран кичи насыялардын эсебинен жумушка ээ болгон

2012-жылы Кыргызстанда 4 миңден ашуун адам кичи насыялардын эсебинен жумушка ээ болгон. Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, мындай маалымат министрлер кабинетинин 2012-жылдагы иши тууралуу отчётунда жазылган. Документте жалпы жумушсуздардын саны 212 миң 400 жаран деп көрсөтүлгөн жана бул көрсөткүч өлкөдөгү жалпы калктын 8,5 пайызына барабар. Ушундай эле көрсөткүч 2011-жылдагы отчётто да белгиленген.  

“Жумушсуз адамдардын санын кыскартуу жана жеке ишкердикти өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында аталган агенттиктер тарабынан жумушсуз жарандарга насыялар берилип жатат. 2012-жылы кичи насыялардын эсебинен 4 миң 479 жаранга жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул 2011-жылга караганда 2 миң 502 жаранга көп. Орто эсеп менен бир адамга 1 жылдык мөөнөткө 15 пайыз менен 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин насыя берилет”,- деп жазылган отчётто. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан