27-апрелде Чүй облусунун Покровка айылындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү
чектелген балдардын жатак-үйүнө "Бишкек" эркин экономикалык аймагы жана президенттин
алдындагы Башкаруу академиясынын студенттери 38 миң 256 сомдук жардам көрсөтүштү.
Алар жуунуучу кабина, суу жылытуучу жабдык жана таттууларды тапшырышты. Бул
тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Балдар үйүнө жардам берүү демилгесин "Ашар - жалпы иш" фонду көтөрүп чыккан.