Өмүрбек Кожеков “Түндүк электр” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп дайындалды
“Түндүк электр” ишканасынын
директорлор кеңешинин төрагасы болуп Өмүрбек Кожеков дайындалды. Бул
тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы 30-апрелде билдирди. Эскерте
кетсек, Кожеков мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун директорлор кеңеши
жана ревизиялык комиссиялар үчүн талапкерлерди тандоо сынагынын акыркы этабын
ийгиликтүү тапшырган.