УКМК Өмүрбек Текебаевди 11 саат суракка алды

УКМК Өмүрбек Текебаевди 11 саат суракка алды. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, сурак эртең менен саат 08:00дөн кечки саат 19гө чейин тыныгуусуз жүргөн. Түшкү тамак берилген эмес. Тергөөчүлөр болгону суу берип турушкан. Адам укуктары боюнча эл аралык конвенциясына ылайык, кармалган адамга тамак бербөө психологиялык басым жана кыйноо катары саналат.

Ошондой эле Леонид Маевский менен да беттештирүү болгон. Сурак учурунда Маевский уюлдук телефон менен ээн-эркин сүйлөшүп, интернетте отурган. Ошол эле учурда Текебаев менен жактоочунун телефондорун алып коюшкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан