Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматов бүгүн УКМКга сурак берүүгө чакырылганын, ал жакка барарын билдирди. Анын айтымында, сурак саат 15:00дө башталат. Өздүк булактар билдиришкендей, Шыкмаматов дагы сурактан кийин камалышы мүмкүн. Партиянын секретариатындагылар да мындай болушу мүмкүн деген пикирде.
Эскерте кетсек, 17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Материалдарга караганда, 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин бири А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.
24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. УКМКдан чыккан соң ал "Мен өзүмдүн күнөөлүү эмес экенимди мыйзам чегинде далилдейм" деп айткан.