Атын атагысы келбеген Сокулук районунун тургуну SUPER.KG порталына кайрылып, жакын арада болгон окуяны айтып берди. Анын айтымында, мындан 1 ай мурун 8 жаштагы кызы мектептен кайтып келе жатканда белгисиз жаран аны уурдоого аракет жасаган. Окуядан 1 жума өткөн соң, шектелген жаран милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Арыз берүүчү кармалган адамдын психикалык жактан жабыркай тургандыгын билип, ал эркиндикке чыгып кетпейби деп кооптонууда.
"Кызым 2-класста окуйт. Мектепке дайыма маршруттук такси менен барып келет. Ошол күнү адаттагыдай эле сабактан чыгып келе жатса, маршруттук таксиден жанына бейтааныш адам келип отуруп, сөзгө тартып, ар кайсы суроону берип алдап жатып телефон номерин алып алган экен. Кызым үй жакка келип түшүп калганда тиги киши артынан кошо түшүптүр. Жолдон үйгө чейин кыйла жөө басабыз. Ошол аралыкта ал кызымды кармап, көтөрүп, уурдоого аракет жасаптыр. Кыйкырып, ыйлап жибергенде коё берген экен. Үйгө келгенде болгон окуяны айтып берди.
Кечке жуук кызымдын телефонуна белгисиз номер чалды. Билмексен болуп телефонду алдырсак, "жанагы окуяны эч кимге айткан жоксуңбу?", - дептир. Ошондон кийин кызымдын телефонун өчүрбөй жандырып койдук дагы укук коргоо органдарына арыз бердик. Телефонго күнүгө, түн ичинде дагы чалып жатты. Милиция кызматкерлери аны колго түшүрүшүп, психикалык жактан жабыркаган жаран экен деп, Республикалык психикалык ден соолук борборуна текшерүүгө алып барышканын айтышты. Мен эми аны ден соолугуна байланыштуу маалым каттын негизинде эркиндикке чыгарып жибербейби деп кооптонуп жатам", - дейт арыздануучу.
Бул боюнча Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди: "Окуя боюнча арыздануучу укук коргоо кызматкерлерине 3-февралда кайрылган. Окуяга шектүү катары ыкчам топ Сокулук районунун 1987-жылы туулган М.Ж. аттуу тургунун кармашкан. Иликтөөнүн негизинде аталган жаран Республикалык психикалык ден соолук борборунда каттоодо турары маалым болду. Ага соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Эспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча психикалык ооруканада кармалып турат. Окуя менен прокуратура көзөмөл органы дагы кабардар. Экспертиза узакка созулгандыгына байланыштуу ишти кароо мөөнөтү февраль айынын ортосунда дагы 1 айга узартылды. Жыйынтыкка жараша ага чара көрүлмөкчү.
Психикалык ден соолук борбору берген маалым катка таянсак, бул жаран 2-топтогу майып. Анын 30 жашта экенине карабай, акыл-эси 11-12 жаштагы баланыкындай. Ал окуя болгон күнү жашы жете элек кыздан телефон номерин, жашаган жерин сурап, акча берем деп, өзү менен кошо кетүүнү сунуштаганы кыздын ата-энесинин арызында жазылган".