30-апрелде Бишкекте Мамлекеттик салык кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда кызматташтык жана өз ара маалыматтарды алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Макулдашуу маалыматтык өз ара мамилелерди уюштуруу, камсыздоо жана КРнын салык жана бажы мыйзамдарын камсыз кылуу боюнча кызматташуу максатында түзүлдү. Ошондой эле документ тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары жана салык төлөөчүлөр тарабынан болгон мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар менен да алмашууну камсыз кылат. Макулдашууга Салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев жана Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов кол койду.