Бүгүн, 2-майда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Урицкий, Баялинов, Осипенко, Турусбеков, Манас, Купянский, Гагарин, Бах көчөлөрүндө, ошондой эле Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы Кырман, Учкун конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Мындай чектөө Кемин районундагы Шабдан, Боролдой, Жылтыр айылдарында дагы болот. Өчүрүүлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болорун “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.