Орусия Кыргыз мамлекетинин ички ишине кийлигишпейт. Бул тууралуу 28-февралда Бишкекте Орусия президенти Владимир Путин билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жолугушууда Кыргыз жериндеги бийлик маселеси тууралуу сүйлөшүү болгон жок. Орусия Борбордук Азия мамлекекеттериндеги стабилдүүлүккө кызыкдар экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз коомчулугунда Путин Бишкекке келгенде Кыргыз Республикасынын кийинки президенти ким болорун чечип кетет деген пикирлер айтылып жаткан.