Темир Сариев Ооганстанда террорчулардын туткунунда калган кыргыз жаранын бошотууга жардам берүүнү аталган өлкөдөгү кесиптешинен өтүндү

КРнын Экономика министри Темир Сариев Ооганстанда террорчулардын туткунунда калган кыргыз жаранын бошотууга жардам берүүнү аталган өлкөнүн Соода өнөр жай министри Залмай Расулдан өтүндү. Айта кетсек, эки өлкөнүн министрлери Дубайда өткөн инвестициялык форумдун алкагында жолугушуу өткөрүшкөн. Ооганстандын Соода өнөр жай министри кыргыз кесиптешинин өтүнүчүн Ооганстандын президентине жеткирерин билдирген. Эске сала кетсек, 22-апрель күнү кыргызстандык Нургазы Конушбаев жана Түркия, Орусия, Ооганстандын 10дой жараны бара жаткан МИ-8 тик учагы авариялык абал жаралгандыктан Логар провинциясына конгон. Көп өтпөй учактагылардын баарын ооган террорчулары туткунга алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан