Өмүрбек Текебаев: "Бишкекте өз үйүн документтештире албай жүргөн 80 миң киши бар"

Жогорку Кеңеште "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Мыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев борбор шаар тууралуу мурдагы эски мыйзам бүгүнкү күнгө туура келбей калганын айтты. Борбор шаардын административдик, кадрдык, каржылык жактан көз карандысыздыгы каралгандыгын айткан эл өкүлү "учурда Чүйгө же Бишкекке кошула албаган бир топ жаңы конуштар бар, ошолордун тагдыры чечилет. Анан да аймактардан келип Бишкекке үй салып, бирок аны документтештире албай жүргөн 80 миң адам бар. Каттоосу жок миңдеген жарандар жашап жүрөт. Биз аларды "келгин" эмес, "тургун" деп, Бишкек шаарынын тургуну кылууну көздөп жатабыз" деди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан