Өкмөттүн "бензин 2,5 сомго арзандайт" деген убадасы аткарылган жок

Кыргыз Республикасы 2015-жылы кирген Евразиялык экономикалык биримдиктин пайдасы элге сезилбей жатат. Товар өндүрүүчүлөргө убадаланган 170 миллион керектөөчүсү бар ири рынокту, чек ара жеңилдиктерин, товарларды эл аралык талапка ылайык сертификаттай турган жаңы лабораториялар жөнүндө айтпай туралы.

2016-жылдын 26-декабрында Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өткөн. Анда Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосунда темир жол транспортун тейлөө боюнча келишимге кол коюлган. Документтин маңызы - Кыргыз жерине Орусиядан же тескерисинче, Кыргыз жеринен Орусияга поезд менен ташылган товарларга тарифтерди арзандатуу.

Бул өлкөдө баалардын арзандашына жол ачарын Кыргыз өкмөтү маалымдаган эле. Тагыраагы, 28-декабрда өкмөт Кыргыз Республикасы импорттой турган товарлардын наркы төмөндөп, тамак-аш продукцияларынын баалары арзандай турганын убадалаган. Базар бааларын кескин өзгөртүү байкалган жок. 2017-жылдын 30-январында Казакстандын аймагы аркылуу поезд менен Орусиядан Кыргыз жерине ташылчу товарлар боюнча тарифтер ылдыйлаганына байланыштуу күйүүчү майдын баасы 2-2,5 сомго арзандашы күтүлүп жатканы айтылган.

2016-жылдын акыркы айларында Кыргыз өлкөсүндө күйүүчү майдын баасы дээрлик 3 сомго кымбаттаган. Ошол баалар 2017-жылдын январынын аягына чейин кармалып, бирок өкмөт ишендиргендей, февралда баалар 2,5 сомго арзандаган жок.

Мисалы, суроо-талап жогору АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 30-январда 39 сом 50 тыйын болсо, 2-мартка карата 38 сом 70 тыйын. 80 тыйынга гана ылдыйлады. АИ-95 бензини боюнча да ушундай статистика. Ал эми АИ-80 бензини тескерисинче кымбаттады. Бир ай мурун 1 литри 35 сомдон сатылып жатса, бүгүн 35 сом 50 тыйын. Бул өлкөнү мунай продукциясы менен камсыздаган негизги компаниянын баалары. Жолдордун абалын, кыш мезгилиндеги кыйын шарттарды эске алганда республика аймактарында баалар дээрлик өзгөрүүсүз калды.

Кыргызстандын нефтерейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов SUPER.KG порталына тастыктагандай, Казакстан тарифтик жеңилдиктерди бергени менен Орусиянын мунай компанияларындагы абал өзгөрүүсүз калууда. Тагыраагы, Кыргыз жерине мунайзат экспорттогон орусиялык ишканаларда баалар көтөрүлүп, мунун айынан транспорттук чыгым өсүп, бул ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктерин жууп кетти. Адатта жазында күйүүчү майга суроо-талап өсүп, мындан улам баалар жогорулай баштайт. Куловго таянсак, кыргыз тарап азырынча бензиндин баалары арзандайт же кымбаттайт деп алдыдагы айларга жоромол айта албайт.

Күйүүчү майдын баасы Кыргыз дыйкандарын эмитен тынчсыздандыра баштады. Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында депутат Калдарбек Баймуратов дыйкандар жазында бензин менен солярканын баасы өссө, мээнетти актабайт деп чочулап турушканын айтты. Башка депутаттар да бензиндин арзандабай жатышын сындашты. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү бөлүмүнөн жооп алууга мүмкүн болгон жок. Баалардын көзгө көрүнөрлүк арзандабай жатышына чын эле Орусия ишканаларындагы абал себеппи же берилген жеңилдикти кимдир-бирөөлөр жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатабы? Дайыма баалардын көтөрүлүшү бат, түшүүсү кыйын...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан