“Ата журтчу” депутаттарга райондук соттун өкүмү чыккандан кийин соттолгондор Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. 2-май күнү аталган мекемеге соттолуучулардын тарапташтары жана журналисттер чогулушту.
Соттук процесс башталардын алдында депутаттардын тарапташтарынын бири Жанат Акматова аттуу аял залда отуруп кабар жазып жаткан super.kg порталынын кабарчысы Ширин Жумадиловага келип орунун бошотуп берүүнү талап кылып, албууттана колундагы фотоаппаратты, нетбукту жана сумкасын жулуп алып, сөгүп, ордунан күч колдонуу менен тургузган. Кабарчыбыз Ширин Жумадилова буюмдарын кайра алууга аракет жасаганда аял жулмалап, “силер, журналисттер, проституткаларсыңар, мага демектен жерге отуруп жаз!” деп дагы ойго-түшкө кирбес сөздөрдү айтып сөгүптүр. Мындай бейбаштык үчүн чара көрүлүүсүн сурап, кабарчыбыз ошол жердеги милиция кызматкерлерине арыз жазды.
Ал эми албууттанган аял түшүнүк кат жазып жатканда бөлмөгө “Ата Журт” партиясынын өкүлдөрү бастырып киришип, “кысым көрсөтүлүп жатат” деген чуу менен аялды алып чыгып кетишкен. Имараттын сыртында алар Ширин Жумадиловага акаарат келтирүүнү улантып, милиция кызматкерлеринин жанында болгон үн менен кыйкырып, мушташ-уруш, жок эле дегенде чыр чыгарууга абдан аракет кылышты. Албетте, милиция кызматкерлери провокацияга алдырышпай, чыр чыгарууга ал аялдарга жол беришкен жок. “Кабарчы кызды уруш, жаңжал чыгар, фотоаппаратын жулуп ал, маданиятсыз сөздөр менен сөк, жулкулдат” деп бирөө мажбурлагансып, “мунун баары бийликтин буюртмасы, бизден кантип өч алуунун айласын таппай жүрүп, ушуну ойлоп табышты” деп кыйкыра башташты. Айтор, уурусу күчтүү болсо ээсин доого жыгат кылгысы келишти эле, ал аракеттеринен майнап чыкпады.
Камчыбек Ташиев кезегинде журт башы болом деп ат салышкан адам. Колдоочуларынын бул өңдүү бейбаш, маданиятсыз, ажаан жоругу Камчыбек мырзага эч кандай аброй алып келбейт, тескерисинче, жүз миңдеген адамдардын кыжырдануусун жаратат.