Президент Алмазбек Атамбаев КРнын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү
Бүгүн, 2-майда президент Алмазбек Атамбаев КРнын Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча кеңешме өткөрдү. Анда президент
мамлекеттин коопсуздугун жана анын туруктуу өнүгүшүн
камсыз кылуу максатында 2013-2017-жылдары Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоо милдети коюлгандыгын белгиледи. Кеңешмеге КРнын Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, Коргоо министри
Таалайбек Өмүралиев, Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Улуттук
коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Бейшенбай Жунусов, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов катышты.