“Жеңиш” сейил багында Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт

3-майда Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” сейил багында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 68 жылдыгына арналган Октябрь райондук администрациясы уюштурган иш-чаралар өткөрүлөт. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, саат 9:00дө баштала турган майрамдык кечеде чакырылгандар үчүн концерттик программа тартууланып, аскер ашканасынын тамагы берилет. Ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана согуш жылдарындагы тыл эмгекчилерине материалдык жардамдар көрсөтүлөт. Иш-чараларды өткөрүү үчүн Октябрь районунун бюджетинен 1,5 миллион сом бөлүнгөн.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан