Алмамбет Шыкмаматов УКМКга суракка кирип кетти

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКга суракка кирип кетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы Улан Байышбеков билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү саат 9:00 чамасында кирип, саат 15:00дө тыныгууга чыгып, кайра кирип кеткен.

Алмамбет Шыкмаматов 3-жолу УКМКга сурак берүүдө.

Айта кетсек, 17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин бири А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.

24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. УКМКдан чыккан соң ал "мен өзүмдүн күнөөлүү эмес экенимди мыйзам чегинде далилдейм" деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан