Орусиялык эксперт, журналист Александр Князевге Кыргызстанга кирүүгө 29-апрелден баштап тыюу салынган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. “Жүйөлүү себептерге байланыштуу анын өлкөгө кирүүсүнө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тыюу салган”,- деп жазылат билдирүүдө. Эске сала кетсек, кечээ, 1-майда Александр Князев Казакстандан келе жатканда аны чек арадан өткөрбөй коюшканы белгилүү болгон.