УКМКдан сурактан чыккан Шыкмаматов: "Бир эле суроону кайталап жатышат"

Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов УКМКдан сурактан чыкты. Депутат бүгүн 9 саат УКМКнын имаратында болгонун SUPER.KG порталына кабарлады. "Азыр эле чыктым. Баягы эле иштер боюнча суракка алышты. Бир эле суроону кайра-кайра сурап жатышат", - дейт депутат.

Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкүнү кошкондо 3-жолу УКМКга сурак берди.

17-февралда Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин бири А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы айтылууда.

24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда да суракта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан