Америкалык сүрөтчү Рейша Перлмуттер 2016-жылдан тарта сүрөт өнөрүндөгү жаңы техниканы коомчулукка сунуштап келет. Башкача айтканда, сүрөтчү таң каларлык реалдуулукка жакын "суу астындагы" картиналарды жаратат. Анын Аква сериясындагы портреттеринде көздөрү жумулуу суу алдындагы аялдар чагылдырылган. Рейшанын эмгектерин биринчи көргөн адам аларды картина деп ойлобойт, себеби эмгектери фотоаппаратка тартылган сүрөттөрдөн айырмасы жокко эсе.
Күйөрмандарынын айтымында, анын картиналарын көргөн адам тынчтык, жеңилдикти сезип, убакыт бир саамга токтоп калгандай болот. Мындай өзгөчө сүрөттөрүн ал сезимдеги эскерүүлөргө, өткөн менен келечектин биригүүсүнө жана ой, акылдан тышкары сезимдер менен адамдардын байланышына арнагандыгын айтат.
Сүрөтчү 1990-жылы Италиянын Неаполь шаарында жарыкка келген. Чикагодогу искусство институтунда көркөм өнөр боюнча бакалавр даражасын алган.