Бүгүн, 22-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас шаарынын жана Сузак районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, акыркы тогуз айдагы ишмердүүлүктүн натыйжалары, ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчысына социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулушу, турак жай курулушун өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, жол жана инженердик инфраструктураны жаңылоо, ошондой эле аймактагы көйгөйлөр жана мындан аркы өнүгүүнүн келечеги тууралуу маалымат берилди.