Биз социалдык тармакта

ӨКМге суу ташкыны коркунучун алдын ала билдирүүчү систем берилет

Бүгүн, 22-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында бийик тоолуу көлдөрдүн жарылуусу жана суу ташкыны коркунучу тууралуу эрте эскертүү системинин жабдуулары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине расмий түрдө тапшырылат.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында эрте эскертүү системинин иштеши көрсөтүлүп, парктын конокторун жана кызматкерлерин эвакуациялоо боюнча машыгуу өткөрүлөт.

Бул иштер ЮНЕСКО тарабынан Адаптация фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан GLOFCA аймактык долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Долбоор мөңгүлөрдүн эришине жана мөңгү көлдөрүнүн жарылуу коркунучуна байланыштуу калктын жана инфраструктуранын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан