"Бишкек сууканал" башкармалыгынын маалыматы боюнча 9-мартта Бишкектин айрым аймактарына таза суу берилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Саат 9:00дөн 16:00гө чейин шаардын кээ бир райондоруна "Тоголок Молдо" суу топтомундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу таза суу берилбейт", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
Маалыматка ылайык, Манас кең көчөсү, М.Фрунзе, Логвиненко, темир жол менен чектелген аймактын ичине, Орусиянын элчилигине, №70-мектеп гимназияга, №6-клиникалык төрөт үйүнө, Бишкек техникалык колледжине, Улуттук кардиология борборуна, Улуттук госпиталга, ветерандар клиникасына, Салык кызматына, "Стоматология №1", "Промпроект" ишканаларына, ПРООН имаратына, "Тез жардам" станциясына жана бир нече бала бакчага таза суу убактылуу берилбейт.
"Бишкек сууканал” башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдоого чакырат", - деп белгиленет маалыматта.