Стокгольм дүйнөдөгү эң таза борбор шаар деп табылды

Швециянын борбору Стокгольм дүйнө жүзүндөгү борбор шаарлардын ичинен экологиялык жактан эң таза шаар деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 7-мартта жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, британиялык "The Telegraph" гезити Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянып, дүйнө жүзүндөгү экологиялык жактан эң таза деп табылган 10 борбор шаардын тизмесин жарыялаган.

Анда Стокгольмдон кийинки орунда Веллингтон (Жаңы Зеландия), 3-орунда Канберра (Австралия) болгон. Калган 7 шаардын ичине Оттава (Канада), Эдинбург (Шотландия), Монтевидео (Уругвай), Таллин (Эстония), Хельсинки (Финляндия), Монте-Карло (Монако) жана Мадрид (Испания) кирген.

Ал эми абасы эң кир деп Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд аталган. Ошондой эле Нью-Дели (Индия) жана Доха (Катар) шаарлары дагы кир борбор шаарлардын катарын толуктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
alikjan88
2017-03-07 21:21:58
Азыр дагы кооз, Албетте бир аз баш аламан аны изине тушуруш керек, Кыргызстан кооз мамлекет,
бироонун катыны бироого кыз корунот дегендей,
Биздин КЫРГЫЗСТАН эн кооз деп коркпой чет жактагы досторума айталам,
+2
Zynk.kg
2017-03-07 21:34:03
alikjan88,досторун келип ош базарынан отуп калса журогу тушуп калат.
+13
ararat...
2017-03-07 21:27:52
Биздин Бишкек,Ош жана башка шаарларыбыз да эн таза,эн сонун шаар болот буюрса. Келечек мекенчил жаштардыкы...!
+2
almazbei
2017-03-07 21:31:59
Дуйнодо эн таза жер менин айылым, стогкольм велингтон , дубайга да алмаштырбайм , эмне десенер ошо дегиле!!!
+7
tyrgon
2017-03-07 21:39:52
Оттава га дагы баргым келтат )))
0
Begmat1992
2017-03-07 22:04:21
Бишкек ен бардак мусор шаарлардын катырын толуктаса керек билбесем дагы 2010 жылы болгом Бишкекте ошол бойдон москвада
-12
mirkaa5182
2017-03-07 22:09:53
Чынында кооз, таза шаарлар экен, бизге да жакшы президент келип шаарларыбыз өнүгүп калар.
+4
Koshaly
2017-03-07 22:22:40
азыртан баштап шаарыбызды таза кармайлычы келгиле !!!
+1
Birimdik5555
2017-03-08 01:25:37
Koshaly,туура +++
0
KG_studio
2017-03-07 22:44:21
Келгиле достор ушул шаарлардан биздин шаарларыбыздын эмнеси кем экен биздагы баарыбыз чогулуп ушундай кудуреттүү күчтүү жана таза шаар курабыз аракет кылайлы достор күч бирдикте!!!
+2
Taku.14.02
2017-03-07 23:25:03
Биздин Бизкекти кошуп койсо болмок экен эн таза шаардан эн жаман шаарга айланып бараткандардын биринчи ордунда деп
-1
Real_mir
2017-03-08 00:03:08
Шаардын жанында велингтон,канберрадай ачык аянтча донсолор болсо бизде басып алып уй салмак же камок ачмак
0
Nur1k
2017-03-08 00:15:55
Суроттор укмушго)) кооздугуна базар жок)
0
frunze12
2017-03-08 09:41:57
Ашынган диний фанаттар Сауд Аравиянын борбору Эр-Рияддын кандай шаар экенин билип алса жаман болбос эле, Аравияны реклама кылаардан мурун. Дубай да менимче абасы кир шаарларга ыктаса керек, чолдо орун алып кыйратып дарак оспосо...
+1
frunze12
2017-03-08 09:51:20
Ылдыйда эмдоодон баш тарткандар тууралуу макалада бут эле тушунугу тайыз диний фанаттар пикир калтырыптыр... Интернетте ар ким ар нерсени жаза берет. Ошол диний "сабаттуулар" тарыхыбыздан кабары болгондо 100-200 жыл илгери эмдоо болбогонунан улам кызамык ж.б.оорулардан ото коп адамдар каза болуп турушкан. Качан гана Союз убагында эмдоо башталганда эл жугуштуу апааттардан арылган.. Баласын эмдетпоо - баласынын ден-соолугуна кайдыгер "карангылар" тушунугу томон!!!
+1
frunze12
2017-03-08 09:56:55
Диний фанаттар 8-март ж.б.майрамдарды да майрамдашпайт, алардын пикири боюнча буларды майрамдоо арам имиш!!! Кыскасы жапжаш туруп сакал коюп динден суйлогон диний радикалдардын 90%и тушунугу тайыз. Эгер элдин баары алардан улгу алып ошолорго окшочу болсо, Кыргызстан Афганистан, Пакистанга айланып "акылдуулар" кобойуп кетет... Кудай сактасын диний фанаттардан...
+1
Adilet_adi
2017-03-08 11:05:23
Бишкек шаары 2010-жылы эң палит делген 18шаардын катарына кошулганы эсимде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан